Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.
Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы
Кийинки анекдот/апендини оку
Бишкекте таштанды тазалоону жеке компания жүргүзө баштадыБишкек мэриясы акыркы күндөрү үйүлүп калып жаткан таштандылар тууралуу комментарий берди. Шаардык бийликтин басма сөз катчысы Назгүл Жамгырчиева Биринчи Май районунда чогулган акыр-чикирлерге байланыштуу тургундар арасындагы нааразылыктар жөнүндө Фейсбукка жазып, бул районду "Эко Проф" жеке компаниясы тазалап жатканын айтты. "Учурда линияда 5 МАЗ, 2 Газ-53, 2 грейфер, 16 жүктөгүч иштеп жатат. Таштанды чыгаруу күнү түнү, дем алыш күндөрү да жүргүзүлөт", - деди... 07.08.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31977366.html |
Loading...
|
Жарыялар |