карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
"Депутаттар арасында кылмыштуу топтор менен кызматташкандар бар"“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу мурдагы ички иштер министри, генерал Мелис Турганбаев болду. Ал маегинде милицияга кантип келип калганы, уюшкан кылмыштуу топтордун табияты, бийликтин аларга мамилеси, депутаттардын кызматташтыгы, буюртма киши өлтүрүүлөр тууралуу айтып берди. 13.08.2022 : www.azattyk.kg |
|
Loading...
|
|
|