Кыргызча анекдот / апенди:

Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR102.30103.30
RUB1.1201.155
KZT0.16500.1850

обновление 03.03.2026 07:18:59

Стамбул аэропорту 117 миллиар евро кирше алып келди

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаиоглу 2019 - жылдын 29 - октябрында ачылган Стамбул аэропортунун экономикалык таасирлери тууралуу инфографиканы Twitter баракчасынан бөлүштү.


13.08.2022 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/ekonomika-1/2022/08/13/stambul-aeroportu-117-milliar-ievro-kirshie-alyp-kieldi-1867429

 
Loading...

Кыймылсыз мүлк