карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Малайзиянын падышасы Түркияга келетПрезиденттиктин Коммуникация башкармалыгы жасаган билдирүүгө ылайык, жогорку деңгээлдеги байланыштар Малайзия менен достуктун, өз ара ишенимдин жана элдердин жыргалчылыгынын негизинде тез өнүгүп жаткан мамилелердин шартында күч алды. 14.08.2022 : www.trt.net.tr источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/turkiia-1/2022/08/14/malaiziianyn-padyshasy-turkiiagha-kieliet-1867632 |
|
Loading...
|
|
|