Кыргызча анекдот / апенди:

"КУДАЙ БУЮРСА"
Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй...апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом...
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD86.4086.85
EUR90.9091.90
RUB0.8550.875
KZT0.12200.1900

обновление 21.11.2024 16:25:22

Баткен: соңку эки күндө эки миллион сомдук контрабанда кармалды

Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы Баткенде 27-28-август күндөрү аткезчиликке байланыштуу бир нече факт катталганын, анда жалпы суммасы эки миллион сомдук товар алынганын билдирди. Ага ылайык, ишембиде Лейлекте чек арачылар уруксат кагазы жок аялдардын, балдардын кийимдери, таңгакталган кездеме, кыз-келиндердин буюм-тайымдары жана дары-дармек жүктөлгөн, кыргызстандык жаран айдап бараткан машина кармалган. Жекшембиде Кадамжайда өзбек жараны беш миң литр күйүүчү...


29.08.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32008691.html

 
Loading...

Жарыялар