Кайнене менен келин
Кайненелер менен келиндер 2 автобус болуп тойго баратышыптыр.
1-автобуста жалаң келиндер, 2-автобуста жалаң кайненелер экен.
Кайненелер болгон автобус кырсыкка учурап баардык жүргүнчүлүр каза болуп калышат. Аны көргөн келиндер баары "кайненелерибизден кутулдук" деп кубанышып жатышса арасында бир келин ыйлап жатыптыр.
Эмне болду сага деп сурашса "мен кайненемди үйдө калтырып келген элем" деп жооп берген экен!
Кийинки анекдот/апендини оку
Кыргызстан 5G технологиясын сынап көрө баштадыКыргызстанда 5G технологиясын сынап көрүү боюнча алгачкы атайын көргөзмө аянтчасы ачылды. Бешинчи муундагы технологиялардын түрлөрү коюлган көргөзмө Бишкектеги ири соода борборлорунун биринде MegaCom, Huawei компанияларынын жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин демилгеси менен уюштурулду. Анда жогорку технологиялык байланыш системасынын Кыргызстандагы өнүгүү тарыхын баяндаган маалыматтар менен катар 5G жана виртуалдык дүйнө жабдыктары, түрдүү буюмдар коюлган. Санариптик өнүктүрүү... 06.09.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32020210.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |