Бирөө өлүптүр
Бардык нерсеге кулагын түрүп кызыга берген бир жигит жолдо кетип баратып, элдердин топтолушуп турганын көрөт да, ал жерде эмне болуп жатканына кызыгып калат. Аңгыча 'бирөө өлүптүр' деп угат. Жанталашса да өз көзү менен көрө албай койот.
Айласы кеткенде:
- ары болгула, өлгөн адам менин атам, деп ийет.
Адамдар баары таң калып карап калышат.
Жигит жүткүнүп барып эле караса эшек жатыптыр.
Кийинки анекдот/апендини оку
Шанхай Кызматташтык Уюму: абалы жана келечегиӨзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги саммити өттү. Кыргыз коомунда анын эбак эле бекитилген күн тартиби унутта калып, чек арадагы кандуу конфликттен улам сын, талаш күчөдү. "Кандай жыйын болбосун ок атылды деген кабар жеткенде дароо ошол маселе каралышы керек болчу дегендер менен катар эле, күн тартибин буза алышмак эмес. Ошого карабай саммитин аянтчасында эки президент жолукту го" деп тартышып жатышат. 21.09.2022 : www.bbc.co.uk источник: https://www.bbc.co.uk/kyrgyz/articles/c98453g4xvyo?at_medium=RSS&at_campaign=KARANGA |
|
Loading...
|
Жарыялар |