Орус кыргыздын үйүндө конокто
Бир заманда орус менен кыргыз корүшүп, Орус кыргызча, кыргыз орусча билбейт экен. Бир күнү кыргыз орусту үйүнө коноко чакырыптыр. Орус кыргыздын үйүнө келип дасторкондон эч нерсе жебей отуруптур. Кыргыз "уялбай жей бер" дегенди кандай айтарын билбей,
оруска "ешь, ешь как тебе не стыдно" дептир.
Орус андан сайын эч нерсе жебей, бир ордунда отура бериптир.
Кыргыз ойлоптур "мүмкүн буга кой союп бериш керек деп". Аны кандай айтарын билбей оруска "я тебя как барана зарежу" дептир. Орус ордунан тура салып качып бара жатса. "Ары-бери өткөндө келип тур" дегенди кандай айтарын билбей ,
качып бара жаткан оруска "туда-сюда пройдешь, все равно поймаю" дептир...
Кийинки анекдот/апендини оку
25-сентябрда тоолуу райондордо өткүн өтөтКыргызгидромет кызматы 25-сентябрда тоолуу райондордо өткүн өтөт деп кабарлады. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан жел согуп турат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 27...32, Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 23...28, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 27...32, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25, Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 21...26, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0...-5,... 24.09.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32049163.html |
|
Loading...
|
|
|