Мен аракты таштадым
Бир адам дайыма бир барга барат экен, барганда барменден 3 бөтөлкө арак алып келдирип ичип турат экен,
Бармен бир күнү жанагы адамдан сурайт экен:
- Сиз эмнеге ар бир келгениңизде 3 бөтөлкө арактан ичесиз?
адам жооп берет экен:
- Биз 3 дос болчубуз, үчөөбүз үч тарапка кеттик, бир бөтөлкөнү өзүм үчүн, эки бөтөлкөнү да эки досум үчүн ичим жатам.
бир канча күндөн кийин, жанагы адам эки бөтөлкөдөн иче баштаптыр.
Бармен мунун бир досу өтүп кеткен турбайбы, эки бөтөлкөдөн иче баштаптыр деп ойлоп, адамдан сурайт экен:
- Аллах рахматы кылсын, бир досуңуз өтүп кеттиби?
анда адам жооп берет экен:
- Кудай сактасын, эки досум тең тирүү, мен аракты таштадым - дептир
Кийинки анекдот/апендини оку
Токаев президенттикке "Элдик коалициядан" аттанарын билдирдиКазакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого “Элдик коалициянын” атынан катышарын билдирди. Бул коалиция үч коомдук уюм жана үч саясий партиядан куралганы 6-октябрда белгилүү болгон. Токаев бейшембиде “элдик коалициянын” жыйынында сүйлөп жатып, ага "көрсөтүлгөн ишенимге" ыраазычылык билдирип, "шайлоо таза жана акыйкат өтөрүн"айтты. Узакка созулган сөзүндө казак президент Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдү мактап, мамлекеттик... 07.10.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32069296.html |
Loading...
|
Жарыялар |