Кыргызча анекдот / апенди:

Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.

Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы


Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.0087.50
EUR102.40103.40
RUB1.0301.090
KZT0.15000.1700

обновление 17.09.2025 05:15:16

БУУ Орусиянын Украинанын аймактарын “мыйзамсыз аннексиялоосун” айыптады

БУУнун Башкы ассамблеясы Орусиянын Украинанын чыгыш жана түштүк аймактарындагы төрт украин аймагын аннексиялап алганын көпчүлүк добуш менен айыптады. 12-октябрдагы Башкы ассамблеянын 193 мүчөсүнүн көбү Москванын кадамын "мыйзамсыз" деп атаган резолюцияны колдоп добуш беришти. Резолюцияга каршы Сирия, Никарагуа, Түндүк Корея жана Беларус добуш берди. 35 өлкө, анын ичинде Кытай, Индия, Түштүк Африка жана Пакистан калыс калды. Украинанын президенти Владимир Зеленский Твиттерде...


13.10.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32080069.html

 
Loading...

Кызматтар