"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...
Кийинки анекдот/апендини оку
Машыгуучу учакта жабыркагандардын биринин абалы оорАвиациялык коллеждин курсанттарын машыктыруу учурунда кулаган учактагы эки адамдын биринин абалы оор. Ал Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнүн жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин кароосунда жатканын Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн, 21-октябрда билдирди. Маалыматка ылайык, жабыркагандардын бири - коллеждин 22 жаштагы курсанты. Ал башынан жараат алып, мээси чайкалганы кабарланган. Экинчи бейтап да Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнө жаткырылган, анын шыйрак сөөгү сынганы... 21.10.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32094169.html |
Loading...
|
Жарыялар |