Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD84.4085.30
EUR91.7092.70
RUB0.9500.970
KZT0.12400.2000

обновление 20.07.2024 04:10:08

Дары-дармектер эми атайын система аркылуу тейленет

Жаңы жылга чейин Кыргызстанда дары-дармек каражаттарын жүгүртүүгө байкоо жүргүзүү жана контролдоонун автоматташтырылган тутуму ишке киргизилет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги алдындагы Дары-дармек Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин экспертиза бөлүмүнүн башчысы Айнура Абалиева билдирди.


26.10.2022 : www.bbc.co.uk

источник: https://www.bbc.co.uk/kyrgyz/articles/c29ez33wwzlo?at_medium=RSS&at_campaign=KARANGA

 
Loading...

Кызматтар