Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.4087.80
EUR100.70101.70
RUB1.1951.235
KZT0.17000.1900

обновление 11.06.2026 07:31:56

Орусиянын ракетасы Молдованын айылына түштү

31-октябрда Украинанын абадан коргонуу системалары атып түшүргөн орусиялык ракета коңшу Молдованын айылына түштү. Бул тууралуу Молдованын Ички иштер министрлиги кабарлады. Талкаланган ракета Наславче кыштагына кулаган. Бир нече үйлөрдүн терезелери талкаланды, тилекке жараша жабыркагандар жок. Наславче - Молдованын түндүгүндө, Украина менен чек ара тилкесинде жайгашкан айыл. Бул окуядан кийин Молдованын бийлиги түндүк жактагы чек ара пункттарын “коопсуздук чараларына” байланыштуу убактылуу...


31.10.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32109158.html

 
Loading...

Кызматтар