мен баарын билем!
Бир балакай чоңдордун баарында эч кимге айтпаган бир сыры сөзсүз болот деп ойлойт да муну текшерип көргүсү келет. Апасына:
- Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
- Түшүндүм. Ме могу 100 сомду ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган балакай атасына келет да:
- Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
- Болуптур оозуңдан сөз чыкпасын. 200 сомду ал да, апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып калат. Бала эшикти ачса почтальон турат. Анда бала:
- Почтальон байке, мен эми БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып колдорун жая:
- Айланайыным, ырас билген болсоң, келчи атакең сени бир кучактасын!
Кийинки анекдот/апендини оку
12-ноябрдын аба ырайы12-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 7…12; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9; Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…+4; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24...-29, күндүз -7...-12. Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы... 11.11.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32125605.html |
Loading...
|
Жарыялар |