Кыргызча анекдот / апенди:

"КУДАЙ БУЮРСА"
Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй...апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом...
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3587.80
EUR103.50104.50
RUB1.1251.165
KZT0.15500.1850

обновление 12.02.2026 13:32:59

Кемпир-Абад: келишимдер ратификацияланды, алымча-кошумчалар эске алынабы?

Жогорку Кеңеш өткөн аптада Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара боюнча макулдашууну карап, көпчүлүк добуш менен колдоп берди. Бирок аны кабыл алуу канчалык мыйзамдуу болду деп юристтер анализ жасап, ал эми оппозициялык күчтөр аны жокко чыгаруу үчүн эл аралык сотторго кайрыларын жарыялап жатышат.


21.11.2022 : www.bbc.co.uk

источник: https://www.bbc.co.uk/kyrgyz/articles/c4nex8lyxgno?at_medium=RSS&at_campaign=KARANGA

 
Loading...

Жарыялар