Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.
Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы
Кийинки анекдот/апендини оку
Аба ырайы: Кар аралаш жамгыр жаайт27-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар аралаш жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6 Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6 Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн... 26.11.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32150004.html |
Loading...
|
Жарыялар |