Адилеттүүлүк
Бир адам жаңгак дарактын түбүндө отуруп айланага көз салып жатып,
Кудайга нааразы болот экен.
жанын караса ашкабак өсүп жатат, кичинекей араң турган өсүмдүктө ошончолук чон ашкабак өсүп жатат дейт.
Жогору жагын караса ошончолук чоң даракта кичинекей жаңгак өсүп турат.
Кудайга буларды адилеттүү жараткан эмес деп нааразы болуп жаткан учурда башына бир жаңгак түшүп кетет.
Анда адам дагы ойлонот, ушул жаңгак эмес ашкабак болгондо өлдүм эле деп.
Ошондон бери Кудайдын адилеттүүлүгүнө ишенип жашап калыптыр.
Кийинки анекдот/апендини оку
Дарыгерлер Саакашвилини сотко алып барууга уруксат берген жокГрузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили өзүнүн иши боюнча дүйшөмбү күнкү соттук отурумга катыша алган жок. Буга саясатчы дарыланып жаткан Vivamedi клиникасынын дарыгерлери экс-президентти Тбилиси шаардык сотуна жеткирүүгө тыюу салганы себеп болду. Сотко катышууга каалоосун грузин мамлекетинин мурдагы башчысы өзү билдирген болчу. Ал сотко алып келинет деп күтүлүп жаткан. Саясатчыны карап жаткан дарыгер өз чечимин кардарынын саламаттыгы начарлап кетсе, өзү жоопкерчилик ала албай... 28.11.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32152499.html |
|
Loading...
|
|
|