Кыргызча анекдот / апенди:

Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD86.4586.55
EUR91.3092.30
RUB0.8450.900
KZT0.12000.1900

обновление 21.11.2024 16:25:24

Ыш көйгөйү Жалал-Абадда да жаралды

Жалал-Абад шаарын да соңку жылдары ыш каптай баштады. Айрым бейөкмөт уюмдар чакан текшерүүчү шаймандарды орнотуп, аба булганганын аныктап жатышат. Дарыгерлер мындай абал адамдарда өнөкөт ооруларды козгоп, ден соолугуна коркунуч жаратарын белгилешет.


24.12.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/ysh-koygoiu-jalal-abadga-da-jaraldy-2022/32188867.html

 
Loading...

Жарыялар