Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
Кийинки анекдот/апендини оку
Аба ырайы: Күн ачык болот26-декабрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Айрым райондорго туман түшөт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-5, күндүз 1…6; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз 1…6; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7; Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн -19…-24, күндүз -6…-11; Бийик тоолуу райондордо аяздын күчү түнкүсүн... 25.12.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32192748.html |
|
Loading...
|
|
|