Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR90.5091.50
RUB0.9250.940
KZT0.12080.1800

обновление 12.02.2025 13:55:25

Түндүк Кореянын учкучсуз учуучу аппараттары Сеулга чейин кирип келгени боюнча...

Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл Түндүк Кореянын беш учкучсуз учуучу аппаратынын түштүктүн аба мейкиндигин бузуп, аларга каршы операциялар ийгиликсиз аяктагандан кийин куралдуу күчтөрдүн чалгындоо жана байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга убад


27.12.2022 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/duino/2022/12/27/tunduk-korieianyn-uchkuchsuz-uchuuchu-apparattary-sieulgha-chieiin-kirip-kielghieni-boiuncha-1924276

 
Loading...

Кызматтар