Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.
Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы
Кийинки анекдот/апендини оку
Түштүк Кореяда экс-президент баш болгон бир топ саясатчыларга ырайым берилетТүштүк Кореянын президенти Юн Сок Ель шейшембиде мурдагы президент Ли Мен Бак, экс- губернатор Ким Кон Су жана башка атаандаш партиялардын бир катар саясатчыларына ырайым берип, түрмөдөн бошоткону жатканын "Ренхап" агенттиги билдирди. 27.12.2022 : www.bbc.com источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/world-64099760?at_medium=RSS&at_campaign=KARANGA |
Loading...
|
Жарыялар |