апенди
Апендинин барбаган жери, кылбаган иши жок эмеспи. Анын сыңарындай апенди АКШда МАИде иштеп калат экен. Кечке турса да эч кимге штраф жаза албайт дейт. Иш убактысы бүтүп, эми кетейин деп жатса, жолдон велик минген бирөө баратыптыр.Апенди аны токтотуп: "Сага штраф жазам" десе, тиги: "Жок, мага штраф жаза албайсың. Себеби, мен попмун.Бир далымда Мариям эне, бир далымда Иса ата бар" дептир. Анда апенди: "Омееей, жол эрежесин даана силер бузган турбайсыңарбы. Беш жүз доллар штраф жазам. Себеби, бир великке үчөөңөр минип алыпсыңар" деген экен.адыл
Кийинки анекдот/апендини оку
Баткен: Өзгөчө макамдагы айылдардын каржысын үч эсе көбөйтүү каралуудаБаткен облусунун мамлекеттик чек арага жакын тилкеде жайгашкан айылдарына өзгөчө макам бериле турган экинчи тизмеге 800 миллион сомго жакын каражат талап кылынарын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Парламенттин жыл соңундагы жыйынында депутат Чыңгыз Ажыбаевдин суроосуна жооп берип жатып ал азыркы кезде экинчи тизме боюнча жумуш тобу иштеп жатканын, бирок ага кире турган айылдардын критерийлери аныктала электигин айтты. Министрдин белгилешинче, тизмени түзүүдө... 03.01.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32204939.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |