Кыргызча анекдот / апенди:

Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR90.5091.50
RUB0.9250.940
KZT0.12080.1800

обновление 12.02.2025 13:55:25

Өзбекстан: АКШ элчилиги Мексика аркылуу өлкөгө кирүү кооптуу экенин эскертти

АКШнын Өзбекстандагы элчилиги Мексика аркылуу өлкөгө кирүүгө аракет кылгандар адам сатуу жана каржылык алдамчылык кылмыштарынын курмандыгы катары өз өмүрлөрүн тобокелге салып жатканын эскертти. "АКШга мыйзамсыз каналдар аркылуу баруу эч качан коопсуз эмес",- деп айтылат билдирүүдө. Элчилик өзбекстандыктарды мыйзамсыз миграциянын коркунучуна кабылбай, мыйзамдуу жолдорду тандоого үндөдү. Акыркы жылдары Мексика чек арасы аркылуу АКШга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандардын саны...


04.01.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32207376.html

 
Loading...

Кыймылсыз мүлк