Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR101.40102.40
RUB1.1001.130
KZT0.16500.1750

обновление 22.12.2025 18:31:43

Маск: «АКШ Твиттерден 250 миң аккаунтту жабууну суранды»

Маск «Twitter Files» деген ат менен жүргүзгөн жарыянын 11-син эркин журналист Мэтт Тайбби аркылуу ачып берди.


05.01.2023 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/duino/2023/01/05/mask-aksh-tvittierdien-250-min-akkaunttu-zhabuunu-surandy-1928095

 
Loading...

Кыймылсыз мүлк