карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Өзбекстанда депутаттардын саммитине дээрлик 286 миң доллар коротулдуӨзбекстандык журналисттер Ташкентте өткөн Парламенттер аралык биримдикке мүчө мамлекеттердин лидер аялдарынын 14-саммитине коротулган каражатты иликтеп чыгышты. 2022-жылдын сентябрында өткөн саммитке өзбек парламентинин жогорку палатасы - Олий Мажлис 3 миллиард 230 миллион сум сарптаган. Бул дээрлик 286 миң АКШ долларына барабар. Kun.uz басылмасынын журналисттеринин колуна тийген документтерге ылайык, бул акчанын тең жарымы эки күндүк тамактанууга, кофе-брейк, жыйындар залынын ижарасына... 12.01.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32220726.html |
Loading...
|
Жарыялар |