Кыбыла кайда?
Айылда ага ини бир тууган балдар бар экен. Аябай шок экен. Бирөөнүн айнеги сынса, бирөөнүн бир нерсеси жоголсо бир туугандарды күнөөлөшөт экен.
Апасы элдердин арыздарына чыдабай, балдарын мечиттин имамына алып барат. Имам биринчи агасынан сурайт экен.
-Кыбыла кайда?
Агасы эч унчукпайт. Имам ачууланып кыйкырып сурайт
-Кыбыла кайда деп жатам!?
Агасы ыйлап качып жөнөйт. Иниси агасынан эмне болду деп сурайт.
Агасы:
- Башыбыз балээде, кыбыла жоголуптур, бизден көрүп жатышат.
Кийинки анекдот/апендини оку
Майлуу-Суунун мэри таза суу бир күн ичинде берилерин билдирдиМайлуу-Суунун мэри Нурланбек Умаров шаар бир күн ичинде таза суу менен толук камсыз болорун 16-январда "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, суу топтолгон жайдан шаарга чейинки түтүктөрдөгү муз дээрлик эритилип, ортодо бир чакырымдай жери калды. Азыр жашоочуларга таза суу автоунаалар менен ташылып, жадыбал менен берилип жатат. Умаров жылуулук берүү да калыбына келтирилип жатканын билдирди. "№1 отказанга суу туруктуу келип, жылуулук кечээ (15-январь) бериле баштады. Бул... 16.01.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32224963.html |
|
Loading...
|
|
|