Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
"Бишкек жана Ошто кымбат". Катуу суукта көмүр баасы көкөлөдүБишкек шаарында көмүр тартыштыгы байкалып, мындан улам баа кымбаттап кетти. Азыркы тапта тоннасы 7-8 миң сомдон сатылып жатат. Ал эми Ош облусунда көмүрдүн бир тоннасы 12 миң сомго чейин көтөрүлдү. Бул кыргыз өкмөтү коюп берген баадан эки эсе кымбат дегенди түшүндүрөт. Ал эми “Кыргыз көмүр” ишканасы Кара-Кече кенинде тынымсыз иш жүрүп атканын билдирди. "Кара алтын" болуп көрбөгөндөй кымбаттады "Дордой” базарынын ылдый жагындагы жолдун жээги көмүр базарга айланганына бир нече... 21.01.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/katuu-suukta-komur-baasy-koekolodu/32232358.html |
|
Loading...
|
|
|