Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку
РБК: Орусиялыктар былтыр четке рекорддук сумманы которушканРБК басылмасы 2022-жылы орусиялыктар коңшу өлкөлөргө рекорддук көлөмдөгү акча которушканын жазды. Басылма Казакстан, Грузия, Өзбекстан, Армения жана Кыргызстанга акча которуулардын статистикасын изилдеген. Ага ылайык, орусиялыктар былтыр Казакстанга 775 миллион доллардан ашык акча жөнөткөн. Бул 2014-жылдан берки рекорд. Казакстандын Улуттук банкынын статистикалык маалыматтары ушул мезгилден тартып ачык жана жеткиликтүү. Бул көрсөткүч 2021-жылы жөнөтүлгөн каражаттын көлөмүнөн дээрлик жети... 28.01.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32243760.html |
|
Loading...
|
|
|