Кыргызча анекдот / апенди:

"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD89.0089.70
EUR98.0099.00
RUB0.9601.000
KZT0.13500.2000

обновление 03.01.2024 12:31:13

Түркия: Элчилик ондогон кыргызстандыкты коопсуз жайга чыгарууга жардам берди

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги соңку маалымат боюнча зилзалада набыт болгондордун арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди. Бул тууралуу маалыматты элчилик 8-февралда кечке жуук таратты. Газиантеп шаарынан 17 кыргызстандыкты Казакстанга учак менен жөнөтүү маселеси чечилгени да маалыматта айтылат. Аларды Астанадан кыргыз элчиси тосуп алып, убактылуу жайга жайгаштырып, Кыргызстанга жөнөтөт. Андан тышкары 20дан ашык кыргызстандык Газиантептен Анталияга, Аланияга жана Анкарага...


08.02.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32262212.html

 
Loading...

Авто-мото