Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Көчкүлөрдү атып түшүрүү уланат, айрым жолдордо чектөө болотБүгүн, 20-февралда Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунда кар көчкү атып түшүрүлүп, тазалоо иштери улантылды. Жол кечки саат 18:00дөн эртең мененки 9:00гө чейин убактылуу ачылат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады. Бишкек-Нарын-Торугарт жолу 21-февралда убактылуу кайра жабылат. Жергиликтүү бийлик айдоочуларды өтө зарыл жумуш болбосо жолго чыкпай турууга чакырды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн Бишкек-Ош жолунда кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иштери... 20.02.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32279492.html |
Loading...
|
Жарыялар |