Кыргызча анекдот / апенди:

Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.

Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы


Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.4087.80
EUR100.60101.60
RUB1.1901.230
KZT0.15000.1950

обновление 12.06.2026 04:47:05

Башкы прокуратуранын ордуна салына турган долбоорго каршы пикир айтылды

Башкы прокуратуранын мурдагы имараты жайгашкан жерге соода борборун куруу долбоору Бишкек шаардык кеңешинин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясында айрым депутаттардын сынына кабылды. Алар шаардын борбордук бөлүгүндөгү тыгын көйгөйүн чечүү үчүн ал жерге көп ярустуу, акы төлөнүүчү борбордук унаа токтотмо салса болмок деген пикирин айтышты. Депутат Таалайбек Дайырбеков долбоорду ишке ашырууда жалган...


02.03.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32296172.html

 
Loading...

Жарыялар