Кыргызча анекдот / апенди:

Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.0087.50
EUR97.0098.00
RUB1.0301.110
KZT0.16000.1800

обновление 13.05.2025 08:41:11

Хулуси Акар ирактык кесиптеши менен жолугушту

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар террордук уюм ПККнын Түркияга да, Иракка да коркунуч туудургандыгын айтты.


21.03.2023 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/turkiia-1/2023/03/21/khulusi-akar-iraktyk-kiesiptieshi-mienien-zholughushtu-1963015

 
Loading...

Жарыялар