Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку
Көк бөрү: Жогорку лигада “Ынтымак” жеңүүчү болдуКөк бөрү боюнча Нооруз майрамына арналган республикалык мелдеште Жогорку лигада Таластын “Ынтымак” командасы жеңүүчү болду. Команда финалда Чүйдүн “Сары-Өзөн” командасын 5:0 эсебинде жеңди. Оюн Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында өттү. Бул лигада 3-орунду Оштун “Достук” командасы ээледи. Оштон келген көкбөрүчүлөр кечээ, 20-мартта Таластын “Алтын-Алянс” командасын 11:3 эсебинде утуп алган. Көк бөрү боюнча республикалык мелдеш 13-мартта башталган. Оюндар төрт лигада өтүп, ага 37 команда... 21.03.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32327851.html |
|
Loading...
|
|
|