Алтын цепочка
Аялы күйөөсүнө түш көргөнүн айтып берип жатат.
-Сүйгөнүм! Сонун түш көрдүм!
-Кандай түш?
-Сен иштен келе жатып кичинекей бир пакет менен келдиң.
Мен толкунданып пакетти ала коюп, дароо ачтым.
Ичинен алтын цепочка чыкты. Муну кадай жорусак болот?
Күйөөсү жылмайып:
-Бираз сабыр кылып тур, эртең кечинде билесиң дейт.
Эртеси кечинде күйөөсү кичинекей бир пакет менен үйүнө келет.
Аялы аябай кубанып, толкунданып пакетти ала коюп ачат.
Пакеттин ичинде бир китеп болот, үстүндө "ТҮШ ЖОРУУ" деген жазуусу бар.
Кийинки анекдот/апендини оку
Кыргызстандан баалуу металлдарды ташып чыгууга чектөө киргизилдиМинистрлер кабинети баалуу металл жана аларды камтыган чийки товарларды Кыргызстандан ташып чыгууга чектөө киргизди. Мындай чечим өкмөттүн жыйынында кабыл алынды. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, анын негизги максаты - ата мекендик зергерчилик тармакты колдоо. Ага ылайык, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагына баалуу металлдарды ташып келүү жана ташып чыгуу жөнүндө жобо боюнча Кыргызстандан мындай металлдарды алып чыгууда 500 кг чектөө киргизилди. Ал алты ай күчүндө... 22.03.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32329173.html |
|
Loading...
|
|
|