Бирөө өлүптүр
Бардык нерсеге кулагын түрүп кызыга берген бир жигит жолдо кетип баратып, элдердин топтолушуп турганын көрөт да, ал жерде эмне болуп жатканына кызыгып калат. Аңгыча 'бирөө өлүптүр' деп угат. Жанталашса да өз көзү менен көрө албай койот.
Айласы кеткенде:
- ары болгула, өлгөн адам менин атам, деп ийет.
Адамдар баары таң калып карап калышат.
Жигит жүткүнүп барып эле караса эшек жатыптыр.
Кийинки анекдот/апендини оку
Активисттер эл аралык коомчулукту Рахмон менен адам укуктарын талкуулоого чакырыштыТажикстандык жарандык активисттер тобу БУУнун расмий өкүлдөрүнөн президент Эмомали Рахмондун Нью-Йоркко сапары учурунда өлкөдөгү адам укуктарынын абалын талкуулоону суранышты. 20-мартта Рахмон БУУнун Суу конференциясына катышуу үчүн АКШга барган. Активисттер кайрылуунун көчүрмөсүн "Озоди" радиосуна жөнөткөн. Каттын авторлору коопсуздуктан улам аты-жөнүн ачыкка чыгарышпайт. БУУнун Суу конференциясынын сессиясы 22-24-мартта Нью-Йоркто Эмомали Рахмондун төрагалыгы алдында өтөт.... 22.03.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32329661.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |