Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Орозо убагында кантип күч-кубат топтош керек?Ислам динин туткан жамааттарда орозо кармалчу ыйык рамазан айы ушул аптанын бейшемби күнү – 2023-жылдын 23-мартында башталат (Сауд Арабстандын Айды көргөн расмий өкүлдөрү ушул күндү жарыялашты). Рамазан айында дене тарбия көнүгүүлөрү менен тамактанууну кантип айкалыштырууга мүмкүн? Эмесе, адистердин пикирин угууга кеттик! 23.03.2023 : www.bbc.com источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/world-65047838?at_medium=RSS&at_campaign=KARANGA |
|
Loading...
|
|
|