Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку
Евро-2024: Казакстандын футболчулары Данияны 3:2 эсебинде утуп алдыКазакстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2024-жылкы Европа чемпионатынын тандоо турунда тажрыйбалуу Даниянын курамасын 3:2 эсебинде утуп алды. Спорт серепчилери муну сенсациялуу жеңиш деп аташты. 26-мартта Астанада өткөн беттеште адегенде даниялыктар 2:0 эсебинде утуп келе жатканы менен казак футболчулары үч жолу гол киргизүүгө жетишти. Бул казакстандык команданын иргеп алуу айлампасындагы алгачкы жеңиши. Эми алар 17-июнда Сан-Марино менен беттешет. Ушул эле күнү Англиянын... 27.03.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32336128.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |