"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...
Кийинки анекдот/апендини оку
Эл аралык валюта фонду Украинага 15,6 миллиард доллар бөлөтЭл аралык валюта фондунун директорлор кеңеши жума күнү, 31-мартта Украинага төрт жолку транш менен 15,6 миллиард доллар берүүнү колдоду. Reuters агенттиги бул каражат жалпы суммасы 115 миллиард долларды түзгөн эл аралык жардамдын бир бөлүгү экенин билдирди. Аталган фонддун биринчи траншы, тактап айтканда 2,7 миллиард доллары жакынкы убакта берилет жана каражат Украинанын чукул керектөөлөрүнө жумшалат. Бул Эл аралык влюта корунун согушуп жаткан өлкөгө көрсөткөн биринчи жардамы болуп... 01.04.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32344737.html |
|
Loading...
|
|
|