Кыргызча анекдот / апенди:

Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD89.3089.72
EUR96.1097.10
RUB0.9700.995
KZT0.13800.2050

обновление 01.03.2024 19:15:25

Иранда полициянын огунан каза тапкан жигиттин туулган күнүндө нааразылык акциясы өттү

Тегерандын четиндеги Шахр-и Зиба конушунда шаршембинин кечинде нааразылык акциясы өттү. Катышуучулар өкмөткө каршы митинг учурунда полициянын огунан каза тапкан Хамидреза Рухинин туулган күнүндө аны эскерүү үчүн чогулушкан.   19 жаштагы студент былтыр 18-ноябрда үйүнүн жанында каза болгону кабарланган. 5-апрелдеги акциянын катышуучулары "Диктаторго өлүм!", "Хамидреза тирүү, Хаменеи өлдү", "Эркиндик!" деген ураандарды чакырып жатышты. Аялдар жылаңбаш чыгып,...


06.04.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32352288.html

 
Loading...

Жарыялар