"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...
Кийинки анекдот/апендини оку
Акылбек Жапаров Вашингтондогу жыйында суу саясаты жөнүндө маалымат бердиКыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтонго иш сапарынын алкагында суу маселеси талкууланган жыйынга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз катчысы маалымдады. Анда Акылбек Жапаров Кыргызстан суу ресурстарына кылдат мамиле кыларын, “ар бир тамчы маанилүү” экенин айткан. Жапаров Кыргызстанда суу мөңгүлөрдөн топтолорун, аймактагы дарыяларды толтурган мамлекеттердин бирине кирерин билдирди. Өлкөдө эскирген ирригациялык инфраструктураны модернизациялоо зарылдыгын... 13.04.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32362584.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |