Кыргызча анекдот / апенди:

Беш аял менен ким уктайт?
Кичинекей жаш бала апасына келип
- Апа, мен чоңойгондо 5 аял алам. Бирөөсү тамак жасайт, бирөөсү кир жууйт, бирөөсү үйдү жыйнайт.
Анда апасы:
- Бирөө сени менен уктайт, десе
- Жоок, мен СИЗ менен уктайм, дептир.
Анда апасы көзүнө жаш алып,
- Тилегине жет айланайын, бирок тиги бешөө менен ким уктайт? десе
Анда баласы:
- Атам турат го, алар менен атам уктайт, дептир.
Ары жакта турган атасы көзүнө жаш алып,
- Тилегиңе жет балам, деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.4087.80
EUR100.80101.80
RUB1.1101.135
KZT0.15000.1800

обновление 17.07.2025 17:38:17

Токтогулда жол кырсыгынан бир мугалим каза болуп, беш адам жараат алды

14-апрелде Токтогул районундагы Кубат Чокоев атындагы орто мектебинин беш мугалими, бир айдоочу жол кырсыгына кабылган. Каргашадан 44 жаштагы мугалим каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Сулпукарова билдирди. Билим берүү министрлиги учурда эки адамдын абалы оор экенин, үчөө палатага которулганын кабарлады. Окуя кечки саат бештен өткөндө Токтогул районунун ички жолунда, бодо малдын жолго күтүүсүз чыга калганынан болгон. Автоунаадагылар...


15.04.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32365257.html

 
Loading...

Кыймылсыз мүлк