Кыргызча анекдот / апенди:

мен баарын билем!
Бир балакай чоңдордун баарында эч кимге айтпаган бир сыры сөзсүз болот деп ойлойт да муну текшерип көргүсү келет. Апасына:
- Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
- Түшүндүм. Ме могу 100 сомду ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган балакай атасына келет да:
- Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
- Болуптур оозуңдан сөз чыкпасын. 200 сомду ал да, апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып калат. Бала эшикти ачса почтальон турат. Анда бала:
- Почтальон байке, мен эми БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып колдорун жая:
- Айланайыным, ырас билген болсоң, келчи атакең сени бир кучактасын!

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.70
EUR100.40101.40
RUB1.0901.120
KZT0.17000.1900

обновление 05.04.2026 23:14:38

Былтыр Кыргызстанда 220 миң өзбек жараны убактылуу каттоого турган

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 24-апрелдеги жыйынында санарип өнүктүү министинин орун басары Жазгүл Кийизбаева Кыргызстанга келип-кеткен өзбек жарандары тууралуу маалымат берди. Анда былтыр 60 күнгө каттоого тургандардын саны 220 миңден ашканын айтты. "Өзбекстандын жарандары, чет өлкөлүктөр Кыргызстанга келгенден кийин беш күндүн ичинде 60 күнгө каттоого турушу керек. Былтыр Калкты каттоо департаментинде  220 миңден ашуун өзбек жараны катталган. Быйылкы жылдын алгачкы үч...


24.04.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32376948.html

 
Loading...

Кызматтар