Кыргызча анекдот / апенди:

Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.4087.80
EUR101.40102.40
RUB1.2051.240
KZT0.17000.1900

обновление 01.06.2026 03:31:40

Аба ырайы: күн ачык болот

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 27-апрелде күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Баткен облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29, Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 21…26, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн...


26.04.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32379992.html

 
Loading...

Жарыялар