карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Өзбекстандагы референдум: Мирзиёевдин мөөнөтү башынан саналатӨзбекстанда жекшембиде өткөн референдумда Конституцияны өзгөртүү сунушун добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 90,21% колдоп, 9,35% каршы болду. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Зайниддин Низомхожаев билдирди. Анын айтымында, референдумда 16 673 189 киши же жалпы катталган шайлоочулардын 84,54% добуш берди. Бюллетендердин 0,49% жараксыз деп табылды. БШК төрагасы референдум толугу менен эл аралык стандарттарга жана Өзбекстандын мыйзамдарына шайкеш өткөнүн... 01.05.2023 : www.azattyk.kg |
|
Loading...
|
Жарыялар |