Алтын цепочка
Аялы күйөөсүнө түш көргөнүн айтып берип жатат.
-Сүйгөнүм! Сонун түш көрдүм!
-Кандай түш?
-Сен иштен келе жатып кичинекей бир пакет менен келдиң.
Мен толкунданып пакетти ала коюп, дароо ачтым.
Ичинен алтын цепочка чыкты. Муну кадай жорусак болот?
Күйөөсү жылмайып:
-Бираз сабыр кылып тур, эртең кечинде билесиң дейт.
Эртеси кечинде күйөөсү кичинекей бир пакет менен үйүнө келет.
Аялы аябай кубанып, толкунданып пакетти ала коюп ачат.
Пакеттин ичинде бир китеп болот, үстүндө "ТҮШ ЖОРУУ" деген жазуусу бар.
Кийинки анекдот/апендини оку
Дайырбек Орунбеков позитивдүү жаңылыктарга басым жасоого чакырдыПрезиденттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков журналисттерди өлкөдө болуп жаткан кырсыктар жана кылмыштар тууралуу жаңылыктарды жазуудан карманууга чакырды. Бүгүн 2-майда ал “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу жазган кайрылуусунда "Кырсык, кылмыштарды, зарылчылык болуп баратса, кыргыз тилинде, майда шрифт менен, жаңылыктын эң арткы бөлүгүнө жазсак. Дегеле жазбай, таратпай койсок деле мүйүз чыгып кетпейт", - деген оюн айтты. Мындай өтүнүчүн... 02.05.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32388815.html |
Loading...
|
Жарыялар |