Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.
Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы
Кийинки анекдот/апендини оку
COVID-19: ДССУ өзгөчө кырдаал аяктаганын жарыяладыДүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) коронавирус же COVID-19 вирусу жайылганда эл аралык деңгээлде жарыяланган өзгөчө кырдаал аяктаганын билдирди. Мындай чечим 5-майда кабыл алынды. Кытайда 2019-жылдын аягында башталган мурда белгисиз коронавирус инфекциясынын эпидемиясынан улам 2020-жылдын январында глобалдык алкакта өзгөчө кырдаал жарыяланган. Эпидемия дүйнөгө жайылгандан кийин 2020-жылдын март айында пандемия деп жарыяланган. Көптөгөн өлкөлөр экономикага таасирин тийгизип,... 05.05.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32398665.html |
Loading...
|
Жарыялар |