Кыргызча анекдот / апенди:

Кыбыла кайда?
Айылда ага ини бир тууган балдар бар экен. Аябай шок экен. Бирөөнүн айнеги сынса, бирөөнүн бир нерсеси жоголсо бир туугандарды күнөөлөшөт экен.
Апасы элдердин арыздарына чыдабай, балдарын мечиттин имамына алып барат. Имам биринчи агасынан сурайт экен.
-Кыбыла кайда?
Агасы эч унчукпайт. Имам ачууланып кыйкырып сурайт
-Кыбыла кайда деп жатам!?
Агасы ыйлап качып жөнөйт. Иниси агасынан эмне болду деп сурайт.
Агасы:
- Башыбыз балээде, кыбыла жоголуптур, бизден көрүп жатышат.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR100.60101.60
RUB1.1901.240
KZT0.17000.2000

обновление 12.06.2026 11:31:39

Президент өз тарапташтарын чогултту

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактарда бийликтин саясатын колдоп жүргөндөр менен жолугуп, интернетте маалымат таратуу тууралуу баарлашты. Президент жолугушууга катышкандарды социалдык тармактарда саясатчылардын тарапташтары менен кайым айтышпоого чакырган. Президенттик аппарат 23-майдагы жолугушууга кимдер катышып, кандай форматта өткөнү жөнүндө расмий маалымат жарыялай элек. Президентке жолуккандар Катышкандардын айрымдары гана социалдык тармактарда жолугушуу жөнүндө жазышты....


24.05.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32425867.html

 
Loading...

Жарыялар