Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD84.5084.90
EUR93.3094.30
RUB0.9200.955
KZT0.12300.1800

обновление 16.09.2024 10:35:15

Ташиев Зулушевдин кайниси кармалган иш боюнча айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга шек саналып кармалган бажы кызматкерлеринин иши тууралуу айтып, мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү аныкталганын билдирди. Кылмышка шек саналып кармалгандардын арасында баш прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси да бар экени буга чейин айтылган. УКМК башчысы Region телеканалындагы интервьюсунда келтирилген зыян эки эсе төлөнгөн учурда алар абактан чыгарыларын айтты. "Булар Кытайдан товарлар...


26.05.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32428673.html

 
Loading...

Жарыялар