Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.
Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы
Кийинки анекдот/апендини оку
Эркин күрөш: Эл аралык мелдеште кыргызстандык үч балбан алтын уттуБишкекте бүгүн, 4-июнда жыйынтыкталган Каба уулу Кожомкул менен Раатбек Санатбаевдин элесине арналган күрөш боюнча рейтингдик мелдеште Кыргызстандын эркин күрөш балбандары үч алтын, эки күмүш жана төрт коло байгеге ээ болушту. “Бишкек Арена” спорт комплексинде өткөн таймаштарда алтын медалдарды Алмаз Сманбеков, Тайырбек Жумашбек уулу жана Орозобек Токтомамбетов тагынды. 57 килограмм салмакта кыргызстандык эки балбан: Бекзат Алмаз уулу менен Алмаз Сманбеков күрөшүп, 6:1 эсебинде Сманбеков... 04.06.2023 : www.azattyk.kg |
|
Loading...
|
|
|