Кыргызча анекдот / апенди:

Орус кыргыздын үйүндө конокто
Бир заманда орус менен кыргыз корүшүп, Орус кыргызча, кыргыз орусча билбейт экен. Бир күнү кыргыз орусту үйүнө коноко чакырыптыр. Орус кыргыздын үйүнө келип дасторкондон эч нерсе жебей отуруптур. Кыргыз "уялбай жей бер" дегенди кандай айтарын билбей,
оруска "ешь, ешь как тебе не стыдно" дептир.
Орус андан сайын эч нерсе жебей, бир ордунда отура бериптир.
Кыргыз ойлоптур "мүмкүн буга кой союп бериш керек деп". Аны кандай айтарын билбей оруска "я тебя как барана зарежу" дептир. Орус ордунан тура салып качып бара жатса. "Ары-бери өткөндө келип тур" дегенди кандай айтарын билбей ,
качып бара жаткан оруска "туда-сюда пройдешь, все равно поймаю" дептир...
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.4087.80
EUR100.30101.30
RUB1.0701.100
KZT0.17000.1900

обновление 28.03.2026 16:08:36

Коргонуу тармагына эки жылда 83,4 миллиард сом жумшалды

Кыргызстан коргонуу тармагына соңку эки жылда 83,4 миллиард сом жумшады. Бул тууралуу бүгүн 13-июнда өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди: "Акыркы жылдары коргонуу жөндөмүбүздү күчөтүү үчүн алгылыктуу кадамдарды жасап жатканыбызды бүгүн айта кетсем ашыкча болбос. Мамлекеттик коргоого, укуктук жана коопсуздукка жумшалган каражаттын көлөмү 2010-жылы 8,2 миллиард сом болчу. Биз акыркы эки жылда 83,4 миллиард сом...


13.06.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32457286.html

 
Loading...

Жарыялар